Сеидбек Атамбаев: Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралууда
RU

Сеидбек Атамбаев: Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Сеидбек Атамбаевдин пикири боюнча, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-мартта, Жогорку Кеңеште өткөн жыйын учурунда билдирди.

"Өзүңөр билгендей, өткөн жумада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди күчкө салып сотко алып келишкен. Мен аны менен ИК-47ден көрүштүм. Ал чынында травма алган. Маселени жакшылап карап чыксак жакшы болмок. Видеокамералар бар болчу, бирок ЖАМКнын кызматкерлери аларды көрсөтүүдөн баш тартышты. Катчылардын айтымында, ал өзү футболкачан чыгып алып, сөгүнгөн. Бул калп. Урматтуу кесиптештер, биз бул маселени көз жаздымда калтыра албайбыз. Депутаттык комиссияны түзүүнү сунуштайм", - деди депутат.

Бул жакта кызыкчылыктар конфликтиси бар: Акылбек Үсөнбекович министрлер кабинетинин төрагасы, Рахатбек Үсөнбекович - анын иниси, кудасы ким экенин өзүңөр билесиңер.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында эмки жумада аны башка түрмөгө, Молдовановкага же Петровкага которушу мүмкүн. "Анын өмүрүнө коркунуч жаралууда. "Висяк" деген сөз бар, отургандар жакшы билишет. Алмазбек Шаршенович эч качан өз өмүрүнө кол салбайт. Бирок ал кокусунан башын жарып алса, же тамакка какап өлүп калса, буга азыркы бийликтин тиешеси бар экендигине күмөнүм болбойт", - дейт Сеидбек Атамбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6184