Кандай адаттар шекерден баш тартууга жардам берет
RU

Кандай адаттар шекерден баш тартууга жардам берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Британиялык диетолог Дэвид Сташ шекерсиз жашоого жардам берген бир топ жолдорду айтты. Бул тууралуу The Sun басылмасы билдирди.

Диетолог Дэвид Сташ таттуу нерсени каалаган учурда суу ичүүнү сунуштады. Ошондой эле шекерди ордун баса алган башка нерсеге алмаштыруу жакшы экендигин айтты. Ал эми ал тамак-ашта болушунча шекер аз болуп, белоктун көп болушу керек.

Маалыматка караганда, шекерден алыстоонун башка жолу - физикалык активдүүлүк. Диетолог: "Бат басуу, кыска убакытка жүгүрүү же башка кыймыл-аракетттерди жасоо таттууга болгон каалоонун азайышына алып келет"- дейт.

Дэвид Сташ шекерге болгон каалоонун күчөбөшү үчүн таттуу тамак-аштардан баш тартууну сунуштайт. Анын айтымында, эң негизги нерсе - шекер колдонгондон көп убакытка өзүн-өзү кармоо. Таттуудан баш тарткандан кийин канчалык көпкө карманса, даам тандоо да өзгөрөт. Мындан улам мурда каалап жеген таттуулар анчалык да даамдуу сезилбей калат.

Булак: Hello News KG

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6292