Айрымдар алкоголик болуп төрөлөт. Аракты таштайм дегендер эске алчу жагдайлар
RU

Айрымдар алкоголик болуп төрөлөт. Аракты таштайм дегендер эске алчу жагдайлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Болду, ушуну менен өмүрүм өтөт", "Баары бир таштай албайм". Бул аракечтикке берилгендер көп кайталаган сөздөр. Наркологдор адам ичкилик оору экенин кабыл алып күрөшсө, аны жеңе аларын айтты деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Аракечтик бул адамдын эле эмес, үй-бүлөнүн жана коомдун көйгөйү экени канча убакыттан бери айтылып келет. Ичимдикке берилген адамдын ден соолугу талкалана турганы айтпаса да белгилүү. Биз ушул көйгөйдөн чыгуунун жолдорун адистерден сураштырууга аракет кылдык.

Өлкөдө канча киши алкоголизм менен жабыркайт

Республикалык наркологиялык борбордун маалыматы боюнча, аракечтик менен 42 миңден ашуун киши азап тартат. Мунун 12-15 пайызы аялдарга туура келет. Бирок бул расмий гана сандар. Жеке наркологиялык борбордо дарылангандар, ошондой эле такыр эле каттоого алынбагандар да бар.

Республика боюнча алкоголизмге берилгендердин саны:

  • 2017-жыл - 42 105;
  • 2018-жыл - 42 329;
  • 2019-жыл - 42 527;
  • 2020-жыл - 42 507;
  • 2021-жыл - 42 417.

Кыргызстанда ичимдикке берилүү качан башталган?

Ардактуу профессор, cаламаттык сактоо тармагынын отличниги, жогорку категориядагы нарколог Шайлообек Өмүралиевдин айтымында, өлкөдө алкоголь көйгөйү 1970-жылдан бери сезиле баштады. Ошол эле жылы Республикалык наркологиялык борбор ачылган.

"Алгач согушка барып келген аталар үйрөнүп келген. Ал убакта ууртап эмес, 200 граммдык стакан менен бир жутушчу экен. Анан да ал кезде ичкендерди баатыр көрүшкөн. Тилекке каршы, эркектер менен кошо аялдар да ачуудан тата баштаган. Элүү жылдан бери алкоголизм укмуштай гүлдөп, тамырлап келе жатат", - деди нарколог.

Адис соңку жылдары алкоголизм жашарып баратканын жана аялдар арасында берилгендер көбөйгөнүн да белгиледи.

Аракечтик - бул оору

Нарколог Каныкей Иманалиеванын айтымында, адам алгач ичимдикти татып көрөт, андан кийин ичкиси келип баштайт, анан көз каранды болуп калат. Ушул үч этап адамды аракечтикке кептейт.

Врач нарколог Каныкей Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022

"Адам күнүмдүк жашоодо той-аш, жакшылыктарда аздан ууртап-татып отуруп, бара-бара организмдеги химиялык заттар өзгөрөт. Акырындык менен ичимдикке көз карандылык пайда болот. Айрымдар беш жылдан кийин, кээде бир жылда эле берилип кетет. Аракечтик - оору. Аракеч өзү эле оорубайт, үй-бүлөсүн, туугандары кошо жабыркайт", - деди адис.

Нарколог Шайлообек Өмүралиев ичкен адам алкоголизм бул оору экенин моюндап, ага дарт менен күрөшкөндөй мамиле кылышы керек дейт.

"Ким эле өзүн алкоголикмин десин, кулакка жаман угулат да. Кайсы бир ооруну кабыл алгандай эле, аракты таштай албай жатканыңды моюндашың керек. Алгач аны жеңүүгө көкүрөктө ишеним болуш үчүн жараткандан жардам суроо керек. Бул нарколог, молдо, көзү ачыктан дагы өйдө турат. Ошондой эле билимди тереңдетип, анын ичинен эң кымбат илим болгон психологияны өздөштүрүү керек. Мунун арты менен эмнеге бөтөлкөнүн түбүнө түшүп жатканыңды билесиң. Анан сени менен кошо жакындарың да азап тартып жатканын сезип, алар үчүн да аракты таштоого умтулушуң керек", - деди нарколог.

Ошондой эле Өмүралиев адамга башына бир күндө миңдеген ой келерин, аларды убагында көзөмөлгө алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Ферменттин жоктугу же тукум куума аракечтик

Ичимдикке айрымдар тез эле берилип кетерин, айрым учурда аялдар бөтөлкөнүн такыр эле түбүнө түшүп кетерин көрүп жүрөбүз. Бул алардын организминде ичимдикке туруштук берүүчү ферменти аз өлчөмдө же такыр эле жоктугунан экен.

"Менин иш тажрыйбамда 14 жашында пиво ууртап көрүп, 17 жашында алкоголик болуп калган кыз болду. Анан 65 жашында ичкен кемпир бар эле, ар наркологиялык борборго 79 жашында келген. Ушул экөө фермент эмне экенин жакшы түшүндүрөт. Алкоголизм тукум кууйт. Мен алкоголик болсом, балама да өтөт. Буга жүз пайыз кепилдик бар. Генетикадан качып кутула албайсың. Фермент жок болсо сен төрөлгөндө эле алкоголик болуп жарыкка келесиң", - деди нарколог Өмүралиев.

Каныкей Иманалиева көчмөн эли илгертеден ичимдик татпаганын, тегибизде болбогон нерсени кабыл алуу оор экенин белгиледи.

"Европанын эли менен салыштырганда бизге ичимдикке туруштук берүүчү алкоголдук гидрогенеза ферменти аз өлчөмдө. Ошондуктан тез берилебиз. Мисалы, Францияда жүзүм өстүргөндөр арбын, мурдатан винону тамак менен ууртап-татып ичишет. Биздин ата-бабаларыбызда мындай нерсе болгон эмес, ичимдик ичип көнгөн эмеспиз. Азия өлкөлөрүндө, керек болсо Россияда илгери вино өндүрүүчүлөр болгон эмес", - деди Иманалиева.

Ичимдикке кептеген психологиялык фактор

Шайлообек Өмүралиев арак адамдын аң-сезимине өтө катуу таасир эткендиктен, аны аракечтер маанай көтөрүп, убактылуу көйгөйлөрдөн арылуунун жолундай көрүшөрүн эске салды.

"Арак ичкенде адамдын маанайы үч эсе көтөрүлөт, эйфория абалына келет. Булар кеткенде арак денеге тарап, эртең менен баш катуу ооруйт. Анан баш жазайын дейсиң. Ошону менен токтоно албай 3, 7 же 9 күн ичип кетишет. Тогуз күндөн кийин сага суу дагы, арак дагы өтпөй калат. Депрессия ушундан башталат. Мындан кийин ууртабайм деп өзүңө сөз бересиң, бирок кайра эле кайталана берет. Бул мээде программа катары калып калат", - дейт адис.

Анын айтымында, ичкиликке берилүүнүн психологиялык факторунда адам өзүн башкалар менен салыштырат.

"Адам өзүнө мен киммин, кайдан келдим, эмне кылып жүрөм, элге теңминби деген суроону берет. Көбүнчө мен элден артыкмынбы же кемминби дейт. Психиатр Томас Энтони Харистин "Я - окей, ты - окей" деген китеби бар. Адамдын баары бирдей, Кудай бир топурактан жараткан, бирок ырыскы, байлык, бийлик, талант, өңдү ар кандай берген, ар бирибиз өзүнчөбүз, кайталангыспыз дейт. Соо адамдын позициясы - мен жакшы, ал жакшы. Өзүн басынткан позиция - мен жаман, сен жакшы, текеберленген позиция - мен жакшы, сен жамансың, ошондой эле жек көрүү позициясы - мен жаман, сен да жаман. Акыркы позицияда адам жашоодон такыр эле түңүлүп калат", - деген адис.

Адис төртүнчү позициядагы адам депрессияга түшөрүн, анын жеңил, орто жана катуу түрү болорун белгиледи. Терең депрессиядагы аракечте өлсөмбү деген ой пайда болот.

"Психикалык өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүүгө болот, депрессия бул өтө кооптуу. Шайтан "100 грамм ууртап койбойсуңбу", "Жипти алып асынып албайсыңбы", "Жашоодо кызык эч нерсе калган жок, ушундан көрө өлүп албайсыңбы" деп кулакка шыбырап турат. Аракты таштайм дегендер адамдарга карата "сен жакшы, мен жакшы" деген позицияга өтүшү керек. Кыргызда өсөр өзүн сыйлайт дейт. Алкоголик болсо өзүн жек көрүп жатпайбы", - дейт адис.

Ичкиликти таштайм деген адам төрт нерсени - ойду, мүнөздү, адатты жана чөйрөнү өзгөртүшү керектигин белгиледи.

Аракечтерге оорукана жардам бере алабы?

Каныкей Иманалиеванын айтымында, алгач ооруканаларда детокс терапия аркылуу бейтаптын каны тазаланат. Аракечтердин дээрлик көбү ушул этап менен дарыланып чыгып кетишет. Мындан сырткары, адамды ичимдикке көз каранды кылган каналдарын жаап салган ыкма дагы бар. Ошондой эле психотерапия жүргүзүлөт.

"Аракечтиктен арылуу бейтаптын организмине жараша болот. Биринчи жалпы абалын жакшыртып, организмин тазалайбыз. Бейтаптар орточо эсеп менен 7-10 күн ичинде чыгып кетишет. Ичимдикке көз карандылыгы жогору болгондор биз менен бир нече ай иштешет. Биринчи кезекте ичимдикти таштайм деген кишинин эрки күчтүү болушу керек", - деди адис.

Шайлообек Өмүралиев организмде алкоголго туруштук бере турчу ферментти жасалма көтөрүүнүн жолдору бар экенин айтты.

"Ферментти көтөрө турчу дарылар далыга, жамбашка жана кан тамырга сайылат. Биринчиси маанайга таасир этет, экинчиси ичимдикке тартылууну азайтат, үчүнчүсү туздуу-кычкыл нерсени таткың келген табитти басат. Ичкилик сокур ичегини алып салгандай же тишти жулуп салгандай оору эмес. Организм менен кошо жан дүйнөнү дагы тазалоо керек", - деди нарколог.

Шайлообек Өмүралиевден маек алуу үчүн шаардагы наркологиялык борборлордун бирине барганбыз. Биз келген убакта бейтаптарга сабак өтүлүп жатыптыр. Аракечтикке берилген он чакты киши отурат, анын бирөө аял.

"Маңдайда отурган 10 кишинин бешөө таштайт, бешөө ичип кетет. Ошол беш киши ким? Аракеч экенин моюнуна алды, айтканды аткарып жатат, оюн, мүнөзүн, адатын, чөйрөсүн өзгөрттү. Ал эми калган бешөөнүн каны тазалангандан кийин мээси тазаланган жок. Психологиялык сабак өтүлгөндөн кийин 40-50 мүнөт унчукпоо режимин карманышат. Бул маалыматтардын аң-сезимге сиңишине жардам берет. Чыгып алып телевизор көрүп же башка окуяга туш болсо ой чаржайыт болуп кетет", - деди нарколог.

Бейтаптар бир жумада базалык маалыматтарды аларын, андан ары жашоону жеңилдетүүнүн багыттамалары берилет экен.

Аңгыча сырттан жаш жигит жездесин алып келгенин айтып кирип калды. Шайлообек агай дароо "Өзүнүн көңүлү барбы?", "Жубайы барбы?" деп сурады. Анткени алкоголизмди жеңүүгө адамдын жакындары, анын ичинде өмүрлөшү чоң таасир этет экен. Жигитке болсо "Канча убакытта арактан арылтып бересиңер" деген суроонун жообу кызык болду. Башта айтылгандай эле бул үчүн адамдын өзүнүн каалоосу жана эрки күчтүү болуп, ошондой эле дарыгерлердин айткандарын аткарышы керек экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6233