Атамбаев: "Садыр дагы деле түрмөдө отурмак"
RU

Атамбаев: "Садыр дагы деле түрмөдө отурмак"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө.

Эске салсак, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүн сот жараянынын башталышында Атамбаевди коштоо менен алып келишкен. Бирок, ал тартипти бузганы үчүн кайрадан соттон четтетилди.

Атамбаев журналисттерге аны симулятор катары ашкерелөөгө аракеттенип жаткандарын айткан.

"Мен эч качан арызданган эмесмин, бирок азыр расмий түрдө айтам: колониянын башкы дарыгерине экспертизадан өтүшүм керек деп жаздым, бирок мага жасалма көргөзмөнүн кереги жок. Мен УКМКнын СИЗОсунан документтерди берем, бирок мен карасанатай эмесмин, мага камерада же чиновниктин кабинетинде медициналык экспертиза жүргүзүү уят... Алар мени карасанатай катары көрсөткүсү келип жатат.

Бул сот жөн эле шоу. 5-9-октябрда эл чыкпаса Соке кетет беле? Садыр дагы эле түрмөдө отурмак, рахмат айтып, колдорун өбүш керек.

Соке бийликти Садырга болгон сүйүүсүнөн эмес, коркконунан өткөрүп берген. Бул жерде башкалар отурушу керек, ушунча адам жабыркады, уят", - деди экс-өлкө башчы.

Андан соң ал сотко эч кандай дооматы жок экенин, анткени "сот жогорку жактагылардын куурачагы экенин, алар жипти тартып коюп отурушат" деп кошумчалады.

"Буларда бет жок, уят деле жоголуптур, Кыргызстанда мындай адилетсиз сот болгон эмес", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин ал сот залынан чыгарылган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6327