Судья Атамбаевди соттук отурумга мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды
RU

Судья Атамбаевди соттук отурумга мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Судья Убайдулла Сатимкуловдун айтымында, соттолуучу Алмазбек Атамбаевдин экспертизасынын корутундусунда анын сот отурумдарына катыша албай тургандыгы туурулуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу судья Атамбаевди 2022-жылдын 11-апрелинде күч менен сот залына алып келүү боюнча токтом чыгарды. Процесс кийинкиге жылдырылды.

Белгилей кетсек, түшкө чейинки сот ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, тосмону тепкилеген. Ошондон кийин аны сот залынан алып кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6312