Бишкекте 4-класс окуган кыз башка окуучуну сабады
RU

Бишкекте 4-класс окуган кыз башка окуучуну сабады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын кыргызстандык сегментинде бишкектик мектептин окуучусу 12 жаштагы кызды сабап жаткан видео тараган. Окуя 6-кичирайондо болгон.

Бул фактыны Октябрь районунун ИИБси да тастыктады. Аларга шаардык балдар ооруканасына "сол тарабындагы чыкыйы көгала" болуп 2010-жылкы кыз келип түштү, деген маалымат берилген. Окуучу кызды башка окуучу сабаганы аныкталган.

Аталган факт журналга катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери башталды.

Өспүрүм кыздын ата-энесине карата протокол түзүлүп, 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы №56-орто мектептин директору жана завучуна сөгүш берилгенин билдирди. Бул мектепте 12 жашар кызды сабаган окуучу окуйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6502