Бишкекте мектептин дааратканасында дагы бир кыз сабалды
RU

Бишкекте мектептин дааратканасында дагы бир кыз сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мектептердин биринин дааратканасында дагы бир окуучу кыз сабалды. Аны ур-токмокко алган кыз буга чейин 4-класстын окуучусун сабаган.

Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28-апрелде шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал 25-апрелде мектептин дааратканасына жашы жете элек кызын сүйлөшүүгө чакырып, денесине жаракат келтирген 11 жаштагы Ч.А`га карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ал эми жаракат алган окуучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Мындан тышкары Бишкек ШИИББине бул окуянын бардык катышуучулары чакыртылып, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле алар күбө катары сурак беришти.

Ал эми 11 жаштагы Ч.А`нын апасына 102-берене (ата-энелик милдеттен качуу) боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынды. Чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.

Буга чейин 4-класстын окуучусу сабалып, №3 балдар ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк ал 11 жаштагы Ч.А. тарабынан ур-токмокко алынганы милиция кызматкерлери тарабынан маалым болгон. Ошондой эле сабаган кыздын апасына 1000 сом өлчөмүндө айып салынган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу курагы) негизинде 16 жаштан жогорку курактагы адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6514