"Аялыңды салып берем деген эмес". Бейшеналиевдин тарапкерлери митингге чыгышты (сүрөт)
RU

"Аялыңды салып берем деген эмес". Бейшеналиевдин тарапкерлери митингге чыгышты (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиевди колдоп Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанына 40ка жакын адам чогулду. Алар министрдин орун басарларын Бейшеналиевге жалаа жапканы үчүн айыпташты.

Алардын айтымында, министрликке үч коррупциянын сазына батып калган орунбасарлар чогулуп алып, Алымкадыр Бейшеналиевди иштетпей жатышат.

"Саламаттык сактоо министринин Улук-Бек (Бектурганов) деген орун басары айтып жаткан коркутуулар жалган. Мен күбөмүн. Эл көп, иш көп болуп жатканда, Бейшеналиев ага кайрылып, аялыңдын койнунан чыгып иште деп айткан. Эч кандай коркутуулар болгон эмес", - деди митингчи.

Дагы бир катышуучу министрликте биринчи реформаны баштаган Бейшеналиев экенин, буга чейин эч ким жасабаганын айтты.

Чогулгандар кечээ маалымат жыйынын өткөргөн саламаттыкты сактоо министринин орун басарларын жана башка адамдарды өздөрүнө келишсин деп суранышты.

Эске салсак, кечээ, 16-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч жетекчисинин орун басары маалымат жыйынын өткөрүп, Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну талап кылышкан. Бейшеналиев өзү учурда Германияда жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6725