Бишкекте журналист-иликтөөчү Болот Темировдун соту башталды
RU

Бишкекте журналист-иликтөөчү Болот Темировдун соту башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист-иликтөөчү Болот Темировдун иши боюнча алдын-ала соттук отурум башталды. Ал бангизатын сактаган жана документтери жасалма деп айыпталууда.

Сотуук процесске төрагалык кылган судья - Акылбек Адимов.

Судья келгендердин бардыгынан сот залын бошотуусун суранып, "бул менин каалоом эмес, мыйзамдын талабы", - деди.

"Сот азырынча баштала элек, бул жактан алдын ала угуулар гана өтүп жатат. Түшүнүу менен кабыл алууну суранам", - дейт судья Акимов.

Эске салсак, Темиров 22-январда камакка алынган. Редакциянын офисине атайын бөлүмдүн жоокерлери кирип барып, Темировдун арткы чөнтөгүнөн баңгизатын тапп алышкан имиш. Бирок күбөлөр аны күч кызматкерлери өздөрү салып коюшкан, деп бир ооздон айтышты. Ал бардык тесттерден өтүп, анын организминде баңгизаты табылган эмес. Кийин Бишкектин ИИББси журналист-иликтөөчү Болот Темиров баңгизатын мыйзамсыз сактаган деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Бир нече айдан кийин, Кыргыз-стандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан өткон деп айыпталып чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6735