"Сабап, коркутушкан". Мектеп-интернатында окуган баланын апасы кызматкерлерди айыптоодо
RU

"Сабап, коркутушкан". Мектеп-интернатында окуган баланын апасы кызматкерлерди айыптоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Беловодск шаарындагы атайын көмөкчү мектеп-интернатында баланын апасы анын денесине залал келтирилгенин байкаган. Ал ур-токмокко алынып, коркутуп коюшкан деп шектенүүдө. Интернаттын кызматкерлери баланын абалын жыгылган деп түшүндүрүшкөн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Редакция мекеменин администрациясынан комментарий ала алган жок.

"Баланын апасы бизге кайрылды. Анын айтымында, бала интернатта бир жума жатыптыр. Уулун интернаттан алып кеткенде денесиндеги жаракатты көрүп коркуп кеткен. Ата-энеси интернаттын директоруна кайрылганда ал маселеге көңүл бурбай, жада калса орой мамиле жасаган", - деди Турдубекова.

Интернаттын жумушчуларынын айтымында, бала кулап кеткен. Бирок, алар апасына кабар беришкен эмес. Бул мекеме мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталган. Буга чейин бул жерде дагы бир майып бала кызматкердин зомбулукунан жапа чеккен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6846