Ушуну менен бүттүбү? Окуучу кызды сабаган мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетти
RU

Ушуну менен бүттүбү? Окуучу кызды сабаган мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-класстын окуучусун сабаган Сузак районунун мугалими жумуштан кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аял өз каалоосу менен арыз жазган. "Анын мектепте окуган кызы бүгүн сабакка келген жок", - деп билдиришти райондон.

Буга чейин социалдык тармактарда мугалим 15-16 жаштагы кызды бетке чаап жиберген видео тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6845