Мугалим окуучу кызды сабаган учур видеого тартылды
RU

Мугалим окуучу кызды сабаган учур видеого тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу жайылып, учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Колдонуучулар бул окуя Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгонун жазышууда.

Интернет колдонуучулары мугалим туура кылгандыгын айтып, окуучуну күнөөлөп жатышса, айрымдары кандай болгон күндө да мугалим кол көтөрүүгө укугу жок экендигин жазышууда.

Бүгүн окуянын башталышы да социалдык тармакка чыкты.

Super.kg порталы аталган мектептин директору Даткайым Нуралиевага байланышып, төмөнкүлөрдү билди.

"Бул окуя 23-май күнү катталган. Ал күнү мугалим "окуучуну ачуума алдырып уруп койдум" деген. Мугалимге эскертүү берилген болчу. Мынчалык деңгээлде болгонун билген эмесмин. Бул видео менен бүгүн таанышып жатам. Аны мыйзамдын негизинде иштен алам.

Мугалим информатика жана көркөм өнөр сабагынан билим берчү. Сабалган кыз 7-класстын окуучусу. Анын ата-энеси видеону мага бүгүн алып келип көрсөтүштү", - деди директор.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6835