Мектепте сабалган кыздын апасы: Кызымды кол жуугучка сүздүргөн. Азыр ооруканада
RU

Мектепте сабалган кыздын апасы: Кызымды кол жуугучка сүздүргөн. Азыр ооруканада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 25-май күнү социалдык тармактарга тараган мугалимдин окуучуну бетке-башка чапкылаган видеосу коомчулукта чуу жаратты. Окуучу кыздын апасы Шаиргүл Хусанова окуя кандай болгонун жана кызынын учурдагы абалын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

- Окуучулардын айтымына караганда, кызымды урган мугалим кыздарына дайым болушат экен. Менин 5-, 7-класста окуган кыздарым бар. Буга чейин 5-класстагы окуган кызымды ошол мугалимдин кызы бөлүп, кошпой жатканын уккам. Кошунам "Экөөбүздүн кызыбызды Мээрим деген мугалимдин кызы бөлөт экен. Мектебине барып, айтып келбейлиби" дегенинен, мугалимдин кызы болсо, кыздар айтса, тыйылып калар дегем.

Хадичанын классында окуган кызы да "мугалимдин кызымын" деп өзүн көп көрсөтүп коёт экен. 23-май күнү 7-класстагы кызым менен анын кызы уруша кеткен. Мугалим кызына болушуп, бардык окуучуларды, кызымды өзүнчө "сволочь" деп тилдептир. Менин кызым "оозуңузга карап сүйлөңүз" десе, "менин кызыма теңеле албайсыңар, силер кимсиңер" деп басынтыптыр. Менин кызым айтышып кеткенин кийин айтты.

Ошол күнү кызым мугалим менен урушканын мага айткан эмес. Үйдө төшөктө жаткан адам бар, мен ошону карап, кызыма маани деле берген эмесмин. Кошунам келип "кызыңыз жакшы элеби?" деп сурап калды. Кайсы кызым десем, "Хадичаны мектепте эжекеси уруптур го" деп айтты. Анан кызымды чакырып, эмне болду деп карасам, бир кулагында сөйкөсү жок, жаагы кызарып калыптыр. Сөйкөң кайда десем, көрсө, мугалими умывальникке сүздүргөндө сынып калыптыр. Аны угуп эле класс жетекчисине чалдым. Ал урган мугалими менен байланышам деди. Бир аздан кийин урган мугалими үйгө келип, "башка кыздар жеткирип коюшту эле, мен эмоцияга алдырып койдум. Хадичаны бир шапалак кылып чаап койдум ээ, Хадича?" деп кечирим сурап кеткен.

Ошону менен токтоп эле калганбыз. Андан соң вотсап аркылуу коомчулукка тараган кызымды урган видео келди. Аны көрүп дароо директоруна бардым. Директор "улуу башымды кичүү кылып кечирим сурайм" дегенинен кечирдим деп, милиция кызматкерлери келишкенде да чуркагым келбей доом жок деп арыз жаздым. Арызды жазып машина менен келатсак, кызым өңү бозала болуп, эки жолу кусуп жиберди. "Өзүмдү жаман сезип жатам" деп карышып (судороги) баштады. Түз эле Октябрь аймактык ооруканага бардык. Ал жактан "мээси чайкалган болушу мүмкүн" деп ооруканага жаткырышты. Мен негизи ооруканага жаткыргым келген эмес. Себеби атайлап жаткырып алды деген сөз болбосун дегем. Ооруканадан Сузак РИИБиге маалымат беришкен экен, түнү саат 2де келип кайра арыз жаздырышты. Кызым азыр ооруканада.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6847