Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевден кеңеш сурады (сүрөттөр)
RU

Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевден кеңеш сурады (сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди жана анын жубайы Майрам Акаеваны кабыл алды. Жолугушуу 23-июнда, Нур-Султан шаарында өттү.

Алар илим, билим, санариптик экономика маселелерин талкуулашты. Маек учурунда экологиялык көйгөйлөр жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар да козголду.

"Казакстан санариптик экономика дооруна кадам таштап жатат. Алар үчүн Аскар Акаевдин кеңеши, жардамы маанилүү, анткени ал бул тармакта дүйнөлүк деңгээлдеги адис. Президент Токаев Акаевден санариптик экономикага өтүүгө жардам беришин каалайт", - деп редакцияга жеке булактар билдирди.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстандын туңгуч прездинти Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7228