Мугалимдер эмгек өргүүсүнө 75-100 миң сом алабы?
RU

Мугалимдер эмгек өргүүсүнө 75-100 миң сом алабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап алардын салымы менен мугалимдердин айлыгы кыйла өскөнүн белгиледи.

"Жакынкы күндөрү мугалимдер эмгек өргүүсүн алышат. Интернеттен алыскы Тогуз-Торо районунда 100 миң сомго жакын, башталгыч класстын мугалими 75 миң сом алганын окуп жатам. Карапайым эл мурун мындай акча албаганын айтып ыраазы болушууда", - деди ал.

Эске салсак, апрель айында мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн. Эми декабрь айынан баштап мектеп жетекчилигинин айлыгын көтөрүү пландалып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7340