Акылбек Жапаров: Кытайдын карызын төлөбөсөк, объектилер сырткы башкарууга өтөт
RU

Акылбек Жапаров: Кытайдын карызын төлөбөсөк, объектилер сырткы башкарууга өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн тышкы жана ички карыздары жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, 2023-жылдан 2028-жылга чейин Кыргызстан 400-460 миллион доллардан төлөшү керек. Мунун 80% тышкы карыз.

Биз бюджеттин консолидацияланган бөлүгүн 400-600 миллиард сомго жеткирели деп жатабыз? Анткени мамлекеттик карызды төлөөгө алдынкы 5 жылга катары менен 35 миллиард сомдон 50 миллиард сомдун тегерегинде каражат жумшап турушубуз керек. Анын ичинен 50 пайыздан ашыгын Кытайдын Эксим банкына төлөйбүз.

Мен коркпойм, бирок төлөй албасак, Бишкек ЖЭБинин башкаруусу, Датка-Кеминдин башкаруусу, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолго болгон башкаруулар бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда, экспорт-импорттук банк кайсы башкаруу компанияны киргизсе ошого өтөт.

Бирок, ал Кыргызстан карыздарынан кутула аларына ишенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7311