Алмазбек Атамбаев бийлик менен соодалаштыбы? Садыр Жарпаровдун жообу
RU

Алмазбек Атамбаев бийлик менен соодалаштыбы? Садыр Жарпаровдун жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, Алмазбек Атамбаевдин акталганы боюнча комментарий берди.

28 июнда Алмазбек Атамбаев жана башка саясатчылар Октябрь окуясы боюнча акталган. Соцтармактарда мурунку президент бийлик тарап менен соодалашкен деген пикир жаралган.

"Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам "Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот" деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт", - деп президент жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7355