Тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу барбы? Садыр Жапаровдун пикири
RU

Тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу барбы? Садыр Жапаровдун пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, тышкы карыз боюнча комментарий берди.

Эскерте кетсек, ага чейин Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөнбөсө эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экенин айткан.

"Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек.

Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, баардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз.

Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал айтып жатат: "Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 млн доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун" деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым. Экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар деп", - айтты президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7336