Күзүндө күбө болосуздар. Кыргыз, орус актёрлору катышкан комедия тартылды
RU

Күзүндө күбө болосуздар. Кыргыз, орус актёрлору катышкан комедия тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз, орус актёр, актрисалары катышкан "Здравствуй, папа" тасмасын тартуу иштери аяктады. Фильм күзүндө көрсөтүлөрүн башкы каармандын ролун ойногон Самат Эркинбеков билдирди.

"Бул тарых. Россия менен союз учурунан бери биргелешип тарткан биринчи чоң тасма. Ушундай мыкты инсандар менен тарых баракчасын чиймелегениме сыймыктанам. Мен мындай чоң ролду, чоң жоопкерчиликти биринчи жолу башымдан өткөрдүм. Эң башкысы тартуу иштери ийгиликтүү болду, бүгүн мекенибизге кайтып жатабыз", - деди ал.

Тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров, ал эми продюсери Адил Урдинов. Жанры лирикалык комедия. Ролдордо - Самат Эркинбеков, Айжан Аденова, Шумкар Бейшеналиев, Назира Айтбекова, Аскат Сулайманов, Таалайкан Абазова жана башкалар, орусиялык актёрлор Юрий Оборотов, Алиса Рыжкина.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7648