"Дөө Чыңгыздын" өлүмүнө шектүү ким экени айтылды
RU

"Дөө Чыңгыздын" өлүмүнө шектүү ким экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

СИЗОдо жаткан кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болду. Анын өлүмүнө Доорон аттуу жаран шектелип жатканын Kaktus.media`га өздүк булактар кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Доорон Адилет Касеновдун (Камчы Көлбаевдин жакын адамы, уюшкан кылмыштуу топтун "казыначысы") адамы.

Ошондой эле өздүк булактар Чыңгыз Жумагулов "мыйзамдагы ууру" болууну көздөгөндүгү жана анын өлтүрүлүшүнө ушул себеп болушу мүмкүн экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. Бүгүн, 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7701