Жоолукту чечпегенимдин себеби бар. Паркта ырдап таанылган Бегимай Турусбекова менен маек
RU

Жоолукту чечпегенимдин себеби бар. Паркта ырдап таанылган Бегимай Турусбекова менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Паркта ырдап эртеси интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова чыгармачылыкка билек түрө киришти. Ал Kaktus.kg сайтына маек куруп, сентябрь айында жаңы ырларынын бет ачарын жасай турганын айтат.

Студенттердин арасында "аксакалы" болом деп ойлогом

Буга чейин Мураталы Күреңкеев атындагы окуу жайда билим алып жүрүп, 2 жарым жылдан кийин балалык кылып таштап койгом. Азыр учуру келди окшойт, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинини эстрада бөлүмүнө тапшырдым. Көз ачып-жумганча 6 жыл бат эле өтүп кетет. Окууга тапшырып жатканда ойлогом, студенттердин эң улуусу, "аксакалы" болом го деп. Бирок менден улуу эжелер дагы бар экен. Алар дагы турмуш деп жүрүп убагында тапшырбай калышыптыр. Негизи эле кайсы тармакта жүрбө диплом керек.

Текстке "капризныймын", продюсериме ырдын сөзү жакшы болуш керек деп жатам

Азыр продюсер менен иштешип баштадым. 2-3 ырдын үстүндө иштеп жатабыз. Текстти чогуу тандайбыз. Ырларымдын бири эне менен баланын ортосундагы сүйүү тууралуу болот. Калган ырларым суроо жаратып жатат. Өзүм Кыялбек Урманбетовдун тексттерин, Рыспай Абдыкадыровдун ырларын, музыкаларын аябай баалайм. Ошондой мазмуну терең ырларды жаздырайын деп ниеттенип жатам. Өзүм текстке "капризныймын" десем болот. Апам дагы ырдайт, улуу кишилер сөзгө аябай маани беришет эмеспи. Ал дагы текст маанилүү болуш керек дей берип, кулагыма сиңип калыптыр. Азыр продюсериме текст аябай жакшы болуш керек деп айтып жатам. Эл учурда жөнөкөйлүктү талап кылгандыктан "айылдын жөнөкөй кызы экен, жоолугун башынан чечпейт экен" деп мени жактырып жатышат болуш керек.

Жоолугумду чечпегенимдин да себеби бар

Жоолугумду башымдан чечпегенимдин себеби жолдошумду, кайын журтумду сыйлаганым. Кээ бирлери "чечип койсоң деле болот, чачыңды жасалгалап, жасан" деп жатышат. Элдин оозун эч ким тыя албайт. Мага "арыкта, жоолугуңду чеч" дегендерге туура эле карайм. Мындай сын-пикир мага оор деле тийбейт. Кудай буюрса, анын үстүнөн да иштейбиз. Жакшы имидж табуу керек болуп турат. Азыр стилист менен иштешип, жоолук, оромолдор менен бир стиль ойлоп тапсак деп пландап жатам. "Сахна сулуулукту талап кылат" дегенге 100 пайыз кошулам. Бирок сөзсүз эле чачты жайып чыгуу эмес.

Андрей Малаховдун берүүсүнө тартылгым келген эмес

Айылды, үй-бүлөмдү тартабыз дешип, берүүгө чакырганда баш тарткам. Эмнегедир апамды, үй-бүлөмдү көргөзгүм келген жок. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да тарталы дешти. Барынан баш тартып жаткам. Ошондо "Привет, Андрей!" берүүсүнүн башкы редактору чалып сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатканымды айтты. Угуп турсам анын да сөзү туура. Макул болдум. Москвага бара жатканда эч кандай сезим болгон жок. Эң башкысы аябай жакшы кабыл алышты, сонун тосуп алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7780