Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Андрей Малахов менен жолугушту
RU

Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Андрей Малахов менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Москва шаарында белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов менен жолугушту.

"Привет, Андрей" берүүсүнө тартылуу үчүн барган Бегимай Турусбекованын жоолукчан болгону көпчүлүктүн мактоосуна татыды.

Буга чейин Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык "Привет, Андрей" телеберүүсү сюжет жасаган.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган. Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7544