Боомдо жол толугу менен ачылды
RU

Боомдо жол толугу менен ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боом капчыгайында жол толук ачылды жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жол саат саат 20:23тө жол толук тазаланып, эки тарабы бирдей ачылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-августта саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Тоң районунда жамгыр жаап, сел жүрдү. Анын кесепетинен Боом капчыгайында көчкү түшүп, жолдун эки багыты жабылып калган.

Жолду тазалоо иш-чараларына 4 куткаруучу, Чүй облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары жана Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 2 жүктөгүч, 2 самосвал тартылган. Ошондой эле жеринде Жол кыймылыын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7788