Садыр Жапаров сентябрда АКШга барат
RU

Садыр Жапаров сентябрда АКШга барат

Все самое интересное в Telegram

Президент Садыр Жапаров сентябрда АКШга барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Президент АКШга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барары айтылды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын жолугушуусунда белгилүү болду.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы Нью-Йоркто 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7824