Министр №61 мектептин директорунун кармалганын интернеттен билгенин айтты
RU

Министр №61 мектептин директорунун кармалганын интернеттен билгенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган мектеп директору Юрий Низовскийдин иши боюнча комментарий берди. Ал журналист Майраш Базлакунова менен маектешкен. Анда министрге жүргүзүлүп жаткан реформалар маселелерди аныктап жатабы деген суроо болгон.

"Бул УКМКнын иш-чарасы. Мен башкалар сыяктуу эле бул тууралуу интернеттен билдим. Ооба, мындай көйгөй бар (мектептердеги коррупция). Ал эми бул маселени комплекстүү чечүү чараларынын бири - директорлук кызматка конкурс өткөрүү. Бир адамдын бир кызматта көпкө отурушу коррупцияга жол ачышы мүмкүн. Ошондуктан кадрдык жаңылануу болуп турсун деп беш жылда бир директорлук кызматка сынак сыяктуу механизмди киргизип жатабыз", - деди министр.

Белгилесек, Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский 9-августта коррупциялык схемага шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал окуучулардын ата-энелеринен жана мектепке тапшырып жаткандардан мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алып жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7860