Блогер Ырыс Жекшеналиев 2 суткага камакка алынды
RU

Блогер Ырыс Жекшеналиев 2 суткага камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Ырыс Жекшеналиев 48 саатка камакка алынды. Бул туурасында анын тарапташтары билдиришет.

Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кечээ, 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

14-августта Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенинин айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, кенди иштетүүгө каршы чыккан активисттер менен саясатчыларды элди алдаганды токтотууга чакырган. Ошондой эле жалган маалымат тараткандарды тартипке чакыруу иштерин алып барууну укук коргоо органдарына тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7903