Анжелика Жапаровдон Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал оорусу бар балдарга берүүнү суранды
RU

Анжелика Жапаровдон Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал оорусу бар балдарга берүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анжелика президенттен Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранды. Ал бул билдирүүсүн Instagram баракчасына жазды.

Ырчынын билдирүүсүнө караганда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери менен таанышкан. Анын айтымында, көбүнчө алар жалгыз бой энелер. Алардын көбүнүн жумушу да, үйү жок.

Анжелика жана бул аялдар президент Садыр Жапаровдон Алмазбек Атамбаевдин үйүн ооруган балдарга реабилитациялоо үчүн өткөрүп берүүнү суранышат.

Эске салсак, ФУГИ экс-президенттин Кой-Таштагы үйүн мамлекеттин балансына өткөрмөкчү болгон. Садыр Жапаров бул үйдө карылар мекемеси ачылаарын билдирген.

Ал эми экс-президенттин үй-бүлөсү ал жерде эс алууга муктаж балдар үчүн окуу-эс алуу спорт комплексин ачууну пландаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7873