Тарбиясын, деңгээлин көрсөттү. Анжелика Сеид Атамбаевдин жообу өкүндүрдү дейт
RU

Тарбиясын, деңгээлин көрсөттү. Анжелика Сеид Атамбаевдин жообу өкүндүрдү дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика абактагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранган. Кийинчерээк Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ырчыга алгач үй ээлеринен сурап койсо болмок экен деп ырчыга кайрылган.

Сеид мырза Алмазбек Шаршеновичтин балдары, неберелери бар экенин, бардык нерсенин чеги болорун билдирген. "Мынчалыкка барбаш керек болчу, мен сизди адам катары да, ырчы катары да абдан баалачумун. "Калпелешка" экениңизге бүгүн ынандым, башка сөз жок. Сиз деле бардар жашайсыз, балким өзүңүздөн, мисалы, чоң сарайыңыздан башташ керек беле?", - деп жазган.

Бир нече сааттан кийин Анжелика депутаттын жообу өкүндүргөнүн жазып чыкты.

"Соттун чечими менен Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекеттин эсебине өткөн соң биз убактылуу болсо да колдонууну сурандык. Жалгыз бой энелердин суранычына тарбияңызды көрсөтүп, мындай жооп бергениңиз өкүнүчтүү. Сейид Атамбаев мени "өлгөн жаныбарларды жеген канаттууга" салыштырганы өтө туура эмес. Бирок мен ага капа болгон жокмун. Адамдын оозунан кандай сөз чыкса ал анын тарбиясынын күзгүсүн, ички дүйнөсүн, деңгээлин көрсөтөт.

Мен Атамбаевдердин үй-бүлөсү тууралуу ооз ачкан дагы эмесмин. Сеид мырза тескерисинче, бизди колдоп койсо жарашмак! Эгерде Садыр Жапаров ал имаратты ДЦП балдар үчүн реаблитациялык борборго берип калса сиздин кээде эс алып турууңузга уруксат беребиз!", - деп жооп кайтарды ырчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7887