23-август Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды
RU

23-август Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында мекендештердин каза тапканына байланыштуу Аза күтүү күнүн жарыялады. Ага ылайык, Аза күтүү күнү 23-августта болот. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

Ошондой эле өлкө башчы кайрылуу жасап, маркумдардын жакындарына жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот", - деди ал.

Президент бул кырсыкты жалпы элдин кайгысы катары кабыл алуу менен 23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялай турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8018