Эртең футбол! Кичин, Мурзаев, Алыкулов. Россия менен беттешке кимдер чыгат
RU

Эртең футбол! Кичин, Мурзаев, Алыкулов. Россия менен беттешке кимдер чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 24-сентябрда Бишкекте Россия менен Кыргызстандын фубдол командаларынын достук беттеши өтөт. Оюнга чыга турчу Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстандын футбол союзу социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Команданын курамы:

  • дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Султан Чомоев;
  • коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Айзар Акматов, Данила Сокирченко, Александр Мищенко, Християн Браузман, Кайрат Изаков;
  • жарым коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров, Одилжон Абдурахманов, Эрбол Атабаев, Бактияр Дүйшөбеков, Адилет Каныбеков, Муролимжон Ахмедов, Турсунали Рустамов, Николай Давыдов, Гүлжигит Алыкулов, Гүлжигит Алыкулов;
  • чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Эрнист Батырканов.

Машыктыруучулардын штабы:

  • башкы машыктыруучу Александр Крестинин, машыктыруучулар Игорь Кудренко, Николай Южанин,
  • дарбазачылар боюнча машыктыруучу Закир Жалилов,
  • дене тарбия боюнча машыктыруучу Владимир Перевертайло.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8580