Кыргызстандын футболчулары бала кезде. Сүрөттөр жана кыскача маалымат
RU

Кыргызстандын футболчулары бала кезде. Сүрөттөр жана кыскача маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ак Шумкар" улуттук курама командасынын оюнчуларынын бала кездеги сүрөттөрү.

Белгилей кетсек, Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Сингапур курама командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди.

Валерий Кичин

Кечеги оюнда калыс пенальти белгилегенде Валерий Кичин 77 минутада дарбазага таамай тээп гол киргизди. Муну менен эсеп теңелип 1:1 болгон. Кичин Улуттук команданын капитаны жана курама команданын лагериндеги жылдыз оюнчуларынын бири жөнүндө Кичин көп жолу жазган. Азыр ал 30 жашта, 2020-жылдан бери Красноярск шаарынын "Енисей" клубунда ойноп келет.

Виктор Майер

Жарым коргоочу Виктор Майер 80-минутада гол киргизип, эсеп 2:1 болду. Ушуну менен Кыргызстан жеңишке жетти. 30 жаштагы Майер 2021-жылдан бери Германиянын "Айнтрахт Рейн" клубунда ойноп келет. Ал 2015-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда ойногон үч гана натуралдаштырылган оюнчунун бири.

Гулжигит Алыкулов

Гулжигит Алыкулов азыр 22 жашта. Ал Кыргызстандын курама командасынын эң кымбат оюнчу. Казакстандын "Кайратында" ойнойт.

Тамирлан Козубаев

Улуттук кураманын дагы бир тажрыйбалуу оюнчусу – Козубаев азыр Гонконгдон келген "Истерн" клубунда ойнойт. Ал 28 жашта.

Александр Мищенко

Мищенко курама командага экинчи жолу чакырылды. Өткөн жылы Палестина менен болгон беттеште улуттук курама команда үчүн дебют жасаган. 2017-жылдан бери Бишкек Дордойдун лагеринде ойноп келет. 25 жаштагы оюнчу "Боруссиясынын" бүтүрүүчүсү

Мирлан Мурзаев

Мурзаев Улуттук курамадагы эң тажрыйбалуу чабуулчу. 32 жаштагы чабуулчу Бишкектин "Алга" клубунда ойнойт.

Бахтияр Дуйшобеков

Курама команданын тажрыйбалуу оюнчусу. 1995-жылкы.

Турсунали Рустамов

Курама команданын тажрыйбалуу оюнчусу. 1990-жылкы

Эржан Токотаев

Токотаев Улуттук кураманын эң жаш дарбазачысы. Ал азыр 21 жашта (2000-жылы туулган). Жыл башында Казакстандын "Туран" клубуна өткөн. Казакстандын Премьер-лигасында ойнойт. Буга чейин "Алга" жана "Дордой" клубдарында ойногон. Кечеги күнкү оюнча мыкты дарбазачы экенин көрсө алды.

Сагынбаев Бекжан

Кыргыз курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири. 1994-жылкы

Кайрат Жыргалбек уулу

Кайрат Жыргалбек уулу быйыл Аксудвн (Казакстан) көчүп келген. 29 жашта.

Абай Боколеев

Боколеев 2019-жылдан бери улуттук курамада ойнойт. Ал биринчи голун 2021-жылдын 11-июнунда Мьянмага каршы ойногон үчүнчү беттеште киргизген. 1996-жылкы.

Валерий Кашуба

Кашуба Кыргызстандын курама командасынын ардагери, 38 жашта. 2003-жылдан бери өлкөнүн башкы командасында, 2017-жылдан бери Бишкектин "Дордой" клубунда ойноп келет.

Алимардон Шукуров

23 жаштагы Шүкүров улуттук курамага Беларустун "Неманынан" чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7001