Жалпы 5,4 миллион евро. Кыргызстандын футболчуларынын баалары канча?
RU

Жалпы 5,4 миллион евро. Кыргызстандын футболчуларынын баалары канча?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жалпы сметалык баасы 5 миллион 400 миң еврону түзөт.

Трансфердик бааны баалоого адистешкен transfermarkt.de немис интернет-порталынын версиясы боюнча, улуттук кураманын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов мурдагыдай эле эң кымбат оюнчу болуп саналат. Анын баасы 1 миллион еврону түзөт.

Кийинки орунда улуттук кураманын капитаны жана коргоочу Валерий Кичин турат, ал 750 миң еврого бааланган. 2020-жылдан бери Красноярск шаарынын "Енисей" клубунда ойноп келет.

Учурда "Нур-Баткен" клубунда ойноп жаткан жарым коргоочу Муролимжон Ахмедовдун баасы 300 миң еврого чейин өстү.

Кыргыз курамасынын эң кымбат 5 оюнчусунун катарына жарым коргоочулар Кайрат Жыргалбек уулу менен Фархат Мусабеков кирди. Алардын ар биринин трансфер баасы 275 миң еврону түзөт.

Калган оюнчулардын базар баасы 50 миңден 250 миңге чейин.

Эң жаш оюнчу Бекназ Алмазбеков менен Кыргызстан – Сингапур беттешинин мыкты оюнчусу Виктор Майерге баа берилген эмес.

Эске салсак, учурда Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогу - 2023 үчүн тандоонун акыркы этабында ойноп жатат. Тандоонун өзүнө 24 команда катышып, алар төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Беттештер 8, 11 жана 14-июнда Бишкекте өтөт.

Кыргызстандын командасы биринчи беттешинде Сингапур менен ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Кийинки беттеш 11-июнда Мьянма менен, негизги атаандашы Тажикстан менен финалдык беттеш 14-июнда болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7005