Дүйнө чемпиону Жоламан: Акжол экөөбүз тең жеңилгенди жактырбайбыз (видео)
RU

Дүйнө чемпиону Жоламан: Акжол экөөбүз тең жеңилгенди жактырбайбыз (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акжол экөөбүз дүйнөнү дүңгүрөтөбүз дечүбүз, экөөбүз тең жеңилгенди жактырбайбыз. Бул тууралуу Жоламан Шаршенбеков Kaktus.kg сайтында маек куруп жатып айтты.

"Акжол экөөбүз 2015-жылдан бери чет жактарга чоогу чыгып жүрөбүз. Эң биринчи экөөбүз тең Азиянын чемпиону болгонбуз. Ошол кездерде экөөбүз дүйнөнү чоогу дүңгүрөтөбүз деген максат койгонбуз. Ошентип максатыбызга да жетип отурабыз. Бул жеңиштин артында чоң эмгек бар. Аны биздин жаныбызда жүргөндөр гана билет.

Кээ бирөөлөр айтат ушулар жыргап, жер кыдырып эле жүрө беришет деп. Аларга сыртыман ооба ошондой деп коём дагы ичимден "ооба сага" дейм", - деп күлөт балбан.

Жоламандын айтымында Акжол экөөнүн жеңилбегенди жаман көргөн мүнөзү окшош.

"Акжол экөөбүз тең жеңилгенди жактырбайбыз. Жөнөкөй оюндан деле утулуп калсак жаман болуп кетебиз. Анан бир бирибизди шылдыңдайбыз. Бир гана күрөш эмес, башка спорттордон атаандашып ойнойбуз", - дейт.

Андан тышкары мындан ары да чоң максаттарыбыз бар, муну менен токтобойбуз деген оюн билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8636