Укмуштуудай сальто ашып, жайдары. Жоламан Шаршенбеков тууралуу (ийгиликтерин тизмектейбиз)
RU

Укмуштуудай сальто ашып, жайдары. Жоламан Шаршенбеков тууралуу (ийгиликтерин тизмектейбиз)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк чемпионатта чемпион болду. Ал буга чейин Азия чемпионатында да алтын медаль утуп, жеңишинен кийин укмуштуудай сальтосу менен дүйнөнү суктандырган. Ал башка спортчулардан жайдары мүнөзү менен айырмаланып турат.

Балбан 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Баласаруу айылында туулган. Ал беш бир туугандын үчүнчүсү.

Спорттук жетишкендиктери:

  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
  • Азия чемпионатынын коло байге ээси (Кытай Тайбэй, 2016);
  • Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (Грузия, 2017);
  • Азия чемпионатынын күмүш байге ээси (2017);
  • Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (Финляндия, 2017).
  • Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге ээси (2018-ж., 2021-ж.).
  • 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге ээси (2019-ж.).
  • Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-ж.)
  • Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Монголия, 2022)
  • Дүйнөлүк чемпионатта алтын медал (Сербия, 2022).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8358