"Акула, келбеттүү". Акжол Махмудовдун жеңиштери жана кыскача өмүр баяны. Тизме
RU

"Акула, келбеттүү". Акжол Махмудовдун жеңиштери жана кыскача өмүр баяны. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акжол Махмудов 23 жашта. Ал "Акула" деген каймана аты менен белгилүү. Акыркы жеңиштеринде дүйнө жүзү аны чын эле каймана атына ылайыктуу экенин жана аны келбеттүү спортчу катары белгилешкен.

Балбан 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган. Беш бир туугандын үчүнчүсү.

Жетишкендиктери:

  • Кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медалдын ээси (Индия, 2015 жана Тайбэй, 2016);
  • Кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигиндеги алтын медалдын ээси (Грузия, 2016);
  • Борис Гуревич атындагы кадеттер арасындагы турнирде алтын медалдын ээси (Москвада,2016);
  • Жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медалдын ээси (Тайбэй, 2017);
  • Дүйнө биринчилигиндеги күмүш медалдын ээси (Финляндия, 2017;
  • Эл аралык турнирде алтын медалдын ээси (Түркия, 2017);
  • Азия чемпионатынын чемпиону (Бишкек, 2018);
  • Эл аралык мелдеште алтын медалдын ээси (Түркия, 2018);
  • Азия оюндарында күмүш медалдын ээси (Индонезия, 2018);
  • Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси (Словакия, 2018).
  • Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж)
  • IV Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү (Түркия, 2022-ж)
  • Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал (Сербия, 2022-ж)
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8318