Транспорт министри ээлеген кызматынан бошотулду
RU

Транспорт министри ээлеген кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевди ээлеген кызматынан бошотту. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп Тилек Текебаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8700