Садыр Жапаров Алмазбек Бейшеналиевди кызматынан бошотту
RU

Садыр Жапаров Алмазбек Бейшеналиевди кызматынан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Маалыматты президенттин администрациясынан кабарлашып, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун билдирет.

Ал эми билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Уланбек Мамбетакунов дайындалды.

Эске салсак, ИИМ тарабынан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шектелип 28-сентябрда кармалган. Министр чет элдик студенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алганга шектелип, эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк Бейшеналиев пара катары алды делинген акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 37 миң 500 долларды кайтарып бергенин Ички иштер министрлигинен билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8698