Бүгүн Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат
RU

Бүгүн Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары башталат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө лидерлеринин расмий жолугушуусү саат 15:40та башталып, түз эфирде көрсөтүлөрүн айтат.

Биринчи күнү өлкө лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат.

Белгилесек, Азербайжандын президенти 11-12-октябрда Бишкекте болот. Мамлекеттик иш-чарага байланыштуу Бишкекте жана Чүйдө айрым жолдор кортеждер өтүүчү убакытка жабылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8812