Астанада жолугушкан кыргыз, орус, тажик президенттери талкуулаган маселе чек ара болду
RU

Астанада жолугушкан кыргыз, орус, тажик президенттери талкуулаган маселе чек ара болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-октябрда Астанада Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын президенттеринин жолугушуусу өттү. Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирет.

Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду. Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясын калыптандыруу эки тарапка тең пайдалуу жана тез арада бүтүшүнө ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулаштыктын кепили боло тургандыгын белгиледи.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8872