Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш аяктады (сүрөттөр)
RU

Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш аяктады (сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш болду. Ага бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук активисттер катышты

Жөө жүрүшкө чыккандар Эркиндик бульвары менен Ак үйдүн имаратын көздөй барышты.

Рита Карасартова бийликтин фейктери ар кандай чакырыктары үчүн эч кандай жазага тартылбай турганын, ал эми өлкөнүн өнүгүүсү үчүн күйүп-бышкан жарандар бир нече айлап камакта отурушат деген пикирин айтты. Ал мисал катары Ырыс Жекшеналиевди, Адилет Балтабайды айтты.

Активисттердин бири Өндүрүш Токтонасыров оозуна кулпу илип, "Надира Нарматова, мандатты тапшыр" деген плакат көтөрүп чыкты.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларды, экономика, коррупция маселелерин көз карандысыз маалымат каражаттары коомго жеткирип турат дейт.

"Редакцияларды жабабыз деген сабатсыз депутаттарга бийлик убактылуу экени жетсин. Журналисттер өздөрүнүн түз милдеттерин аткарышууда. Буга чейин мурдагы президенттер дагы массалык маалымат каражаттарын майтара алган эмес", - деди ал.

Белгилесек, бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кыргызстандын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары – Kaktus.media, Azattyk, Kloop сайттарын жабуу демилгесине каршы өткөрүлүүдө.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8880