Коопсуздук кеңештин катчысы Жапаровдун Путинге кайрылуусу боюнча: Россиянын жардамы керек
RU

Коопсуздук кеңештин катчысы Жапаровдун Путинге кайрылуусу боюнча: Россиянын жардамы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Биринчи радиого" маек берип жатып Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, үч өлкөнүн лидерлеринин арасында ачык сүйлөшүү болду.

"Ооба, сүйлөшүүлөр болду, ал ачык өттү. Бул маселе делимитация жана демаркация маселелери убагында чечилбегендиктен келип чыккан. Президентибиз Путинге кайрылып, ансыз деле эки тараптын бир пикирге келүүсү кыйын болуп калгандыктан бул маселеде Россиянын жардамына муктаж экенин айтып, кийлигишүүнү суранды. Россия тарап бул боюнча ойлонуп, материалдарды көтөрө турганын белгиледи. Владимир Путин буга чейин да пикирин билдирген. Бирок маселе оң жагына чечилет деп ойлойм. Россия СССРдин укуктук мураскери, Москванын архивинде документтер, карталар бар", - деди Иманкулов.

Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында "Борбор Азия – Россия" саммити өткөн. Саммиттин алкагында Россиянын президентинин демилгеси менен Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Владимир Путиндин үч тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында Путин Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелеринде ортомчу болорун билдирген.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8901