Россиядагы учак кырсыгы. 13 киши каза болду, алардын үчөө балдар
RU

Россиядагы учак кырсыгы. 13 киши каза болду, алардын үчөө балдар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Йейск шаарында Су-34 аскердик учагынын турак жайга кулашынан каза болгондордун саны 13 адамга жетти. Бул тууралуу Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"Урандыларды тазалагандан кийин ӨКМдин Йейскидеги куткаруучулары кырсык болгон жерден каза болгондордун сөөгүн табышкан. 18-октябрда саат 06:00гө карата кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болгон, алардын үчөө жаш бала. 19 адам жабыркап, алардын төртөө аман-эсен ооруканага жеткирилди. Жабыркагандарга бардык керектүү медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эске салсак, кечээ, 17-октябрда Россиянын Йейск шаарында аскердик учак кулаган. Кырсыктын кесепетинен турак жай өрттөнгөн.

Кийинчерээк Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Су-34 учагы Түштүк аскер округунун аскердик аэродромунан машыгуу учуу үчүн көтөрүлүп баратканда кулаганын жарыялаган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8924