Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды
RU

Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-министр Алмазбек Бейшеналиев пара түрүндө алган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Бейшеналиев 29-сентябрда пара алууга шектелип кармалган. Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 доллар каражатты берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиев пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн 62 миң 500 долларды өз ыктыяры менен кайтарып, келтирилген зыяндын ордун толук толтурду. Анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып үй камагына чыгарылды.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, экс-министр чет элдик студенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алганга шектелип, эки айга камакка алынган. Кийинчерээк ал президенттин жарлыгынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8928