Баткенде бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, ата-бала каза тапты
RU

Баткенде бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, ата-бала каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда белгисиз адамдардын кол салуусунан ата-бала каза тапты. Облустук ички иштер башкармалыгынан бир үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу болгон дешет.

Бул факты боюнча милицияга 18-октябрда саат 22:30 чамасында билдирүү түкшөн. Анда Көк-Талаа айылында жансыз денелер табылганы айтылган. Жерине барган милиция кызматкерлери эки эркектин жансыз денесин аныкташкан. Бул факты боюнча "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактардан окуя тоноодон улам келип чыкканы белгилүү болду. Кол салуудан ата-бала каза таап, аял киши сабалды. Ошондой эле тоноочулар үйдү өрттөөгө аракет кылышканы белгиленди.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8933