Баткендеги ата-баланын өлтүрүлүшү. Окуянын чоо-жайы айтылды
RU

Баткендеги ата-баланын өлтүрүлүшү. Окуянын чоо-жайы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кеткен факты иликтенүүдө. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, окуянын чоо-жайын айтышты.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 18-октябрда Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы Ш.К. жана 29 жаштагы К. уулу Р. аттуу тургундарын белгисиз жарандар атып кетишкен. Андан тышкары 59 жаштагы Ш.М. аттуу аялды уруп, денесине жараат келтиришкен.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр такталган:

18-октябрда саат 22:00 чамасында жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз жарандар курал менен киришип, эс алып жаткан 61 жаштагы кишини көкүрөгүнө жана бетине, 29 жаштагы жигитти башына атышкан. Ал эми 59 жаштагы аялды башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган Honda CR-V унаасын өрттөөгө аракет кылышкан. Октон жаракат алган ата-бала окуя болгон жерде каза тапты. Ал эми денесинен жараат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилди.

Бул факты 122-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8936