ИИМ оппозиционерлердин кармалышын түшүндүрдү
RU

ИИМ оппозиционерлердин кармалышын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги оппозиционерлердин эмнеге кармалганын түшүндүрдү. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, тергөө кызматы тарабынан "массалык башаламандыкты уюштурууга даярдануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган", - деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча шектүү делинген адамдардын жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8989