Бишкекте активисттерди, экс-саясатчыларды кармоого каршы акция өттү
RU

Бишкекте активисттерди, экс-саясатчыларды кармоого каршы акция өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жердин Өзбекстанга өтүүсүнө жана активисттердин массалык түрдө кармалышына каршы акция өттү.

Митингчилер темир жол бекетинин алдындагы аянтка чогулушту. Алар "Ала-Тоо" аянтына чейин жөо жүрүш жасашты.

Милиция кызматкерлери коомдук тартипти жеринде көзөмөлдөштү.

Эске салсак, 23-октябрда бир катар активисттер, блогерлер жана мурдагы саясатчылар суракка чакыртылып, көбү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ички иштер министрлигинен суракка чакыртылгандар "массалык башаламндыкты уюштурууга даярдануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдиришти.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9001