Жылдызкан Жолдошова активисттер, саясатчылардын кармалышы боюнча: Өлүмдөн башкасы чечилет
RU

Жылдызкан Жолдошова активисттер, саясатчылардын кармалышы боюнча: Өлүмдөн башкасы чечилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мурдагы тарапташы Жылдызкан Жолдошова Кемпир-Абад суу сактыгычы боюнча маселе бардык жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде оппозиция менен биргеликте чечилиши керек болчу дейт. Мындай пикирин ал Kaktus.media`га билдирди.

Айтымында, күн мурда саясатчылардын кармалышы аны таң калтырды. Жолдошова "Тажикстандын агрессиясы болуп жатканда бардык саясий күчтөрдү бириктирүүнү бийликке сунуштаганын" баса белгиледи.

"Ал мындан ары деле кол салат. Мындай кыйын кырдаалда бийлик өзү эле биригүүнү колго алыш керек болчу. Ошол кармалгандардын баары төңкөрүштү каалап жаткан болсо бул башка маселе. Ал эми алар ушундай жол менен өздөрүнүн ойлорун билдиргиси келип жаткан болсо суроо башка жакта. А бирок массалык кармоолор жакшылыкка алып келбейт, өзгөчө аялдарды кармоо", - деди ал.

Эсиңиздердеби, журналист Замира Сыдыкованын кармалганы? Ошондо Аскар Акаевдин президент катары рейтинги нөлдөн төмөн түшүп кеткен.

Жылдызкан Жолдошова бийлик ички жана тышкы саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын белгилейт.

"Тилекке каршы, мындай чечим болгон жок. Адилеттүлүк үчүн айтып коёюн, орун алып жаткан окуяларды жеке максаттагы өч алуу деп атай албайм. Интернетке тараган сүйлөшүүлөрдү уктум, бирок анда "кетсин" деген сөздү уккан жокмун. Баары Кемпир-Абад маселесине кабатыр болуп жатышты. Кемпир-Абад боюнча жыйындын маанисине кире алган жокмун. Бирок бийлик эмнеге диалогго барбай жатат? Мага түшүнүксүз", - дейт саясатчы.

Өлүмдөн башкасынын барын чечсе болот. Баары биригип, анын ичинде чыгаан ишмерлерибиз менен да сүйлөшүү жүргүзүлүшү керек. Кемпир-Абад берилбеши абзел, мен бул пикирди башында эле айткам жана калктын каршылыгы тууралуу эскерткем".

Бийликтин туура эмес кадамдарын айтканы үчүн саясатчынын жолдошу, уулдары кызматтан алынган. Жолдошова бул аракеттерге таарынбай турганын белгилейт.

"Мен муну көтөрөм. Бирок өз элине, мамлекетине мындай мамиле жасоого болбойт. Маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү керек", - деп кошумчалады.

Эске салсак, 23-октябрда бир катар активисттер, блогерлер жана мурдагы саясатчылар суракка чакыртылып, көбү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ички иштер министрлигинен суракка чакыртылгандар "массалык башаламндыкты уюштурууга даярдануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдиришти.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9002