Кемпир-Абад боюнча комитет мүчөсү Гүлгаакы Масалаиева: Биз камоолорго даярбыз
RU

Кемпир-Абад боюнча комитет мүчөсү Гүлгаакы Масалаиева: Биз камоолорго даярбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист Гүлгаакы Масалиева Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалышы мүмкүн экендигин айтат. Буга анын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча комитеттин мүчөсү экени себеп болорун белгиледи.

Гүлгаакы Масалиева 23-октябрда саясатчылардын, активисттердин кармалышы адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу экенин Kaktus.media сайтына белгиледи. Ал адам укугунун, эркиндигинин сакталышы үчүн аягына чейин күрөшөрүн кошумчалады.

"Бул жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин одоно бузуу болуп саналат. Анткени, адегенде тинтүү жүргүзүүдөн мурда аларды жок дегенде суракка чакыруу керек болчу. Жада калса күбөлөр да изделди. Эч ким ашыкча сүйлөбөсүн, митингге чыкпасын деп коркутуп-үркүтүү фактылары болду. Мен Кемпир-Абаддагы бардык процесстерди көрүп, бийликтин эсине келишин күттүм. Келишим боюнча ачык жана толук маалымат алгыбыз келди. Бирок аны эч ким берген эмес".

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин убадаларынан башка эч кандай документтеринин жоктугу жана болуп жаткан окуялардын баары күмөн жаратат.

Масалиева документтердин жоктугун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Чыңгыз Айдарбеков дагы тастыктаганын эске салды.

"Депутаттар, жада калса комитеттин башчысы да документтерди ала алган жок! Анда эмне жөнүндө сүйлөшүү керек? Депутаттардын суроо-талабына жараша каалаган документтери берилиши керек. Демек, бул жашыра турган бир нерсе бар экенин көрсөтүп турат. Болбосо митингге чыгып, талап коюуга негиз бар дегенди билдирет", - деп кошумчалады активист.

Гүлгаакы Масалиева азыр өлкөдө демократияны чектөө жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, бийликти узурпациялоо аракеттери жүрүп жатат деп эсептейт. Активист окуя боюнча Ошто митинг пландалып жатканын, ага жарандар келүүнү пландап жатканын эске салды.

"Бийлик бизге этият болуу керектигин эскертти, анткени провокациялар болушу мүмкүн. Биз камоолорго даярбыз, анткени андан качуу мүмкүн эмес", - деп жыйынтыктады ал.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9004