"Ушулар бизге хан". Жалал-Абадда Жапаров менен Ташиевди колдогон митинг өттү. Видео
RU

"Ушулар бизге хан". Жалал-Абадда Жапаров менен Ташиевди колдогон митинг өттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абадда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдогон митингге чыгышты. Алар 40 чоронун жардамы менен бардык бейөкмөт уюмдарды ордуна коёбуз деп коркутушкан. Видеону митингдин катышуучусу Акниет Кеңешов социалдык тармактарга жарыялаган.

Видеодон митингчилер өлкө жетекчилигинин саясатын толугу менен колдоп, башка жарандарды да аларга кошулууга чакырганын көрүүгө болот.

"Биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди толук колдойбуз жана бизге алардан башка эч кимдин кереги жок. Ушулар гана Кыргызстандын хандары болуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алат. Бейөкмөт уюмдар, жөн жүргүлө, ырыңар бүттү. Болбосо "40 чоро" силерди ордуңарга отургузуп коёт. Жапаров менен Ташиев туура саясат жүргүзүп жатат, биз аларды колдойбуз", - деп айтылат видео кайрылууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-октябрда Бишкекте да жөө жүрүш өттү. Чогулгандар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербөөнү, активисттерди массалык кармоону, куугунтукту токтонууну талап кылышкан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9008